Мурат Бейшенов: Эл аралык укук жоголуп, эл аралык күч гана калдыЖогорку Кеңеште тилемчилик үчүн жоопкерчиликти караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алындыЖККУда аскердик түзүмдөрдү жана продукцияларды ташуунун жаңы эрежелери күчүнө кирдиӨКМ: Жакынкы сааттарда Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болотЭльвира Сурабалдиева 8-мартта өтө турган аялдар жүрүшүнө уруксат берүүнү сурандыСауд Арабиясынан эки авиакаттам аркылуу 210 жаран алынып келинүүдө
Алматы – Ысык-Көл багыты боюнча түз аба каттамы ачылат
15.05.2025 | 15:06
3-июлдан тарта казакстандык FlyArystan авиакомпаниясы Алматы – Ысык-Көл (“Тамчы” аэропорту) багыты боюнча жаңы эл аралык каттам ачууну пландап жатат. Бул тууралуу аталган компания соцтармактарында кабарлады.
“Эми Алматыдан Ысык-Көлгө бир саатта учуп барабыз”,- деп айтылат маалыматта.
Авиакомпаниянын маалыматына ылайык, каттамдар жумасына эки ирет, бейшемби жана жекшемби күндөрү август айынын аягына чейин учуп турат. Билет баасы 24 миң казак теңгесинен (болжол менен 48 АКШ доллары) башталары айтылды.
Билеттерди FlyArystan’дын мобилдик тиркемеси же расмий веб-сайты аркылуу сатып алууга болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом