Митингчилер Алматы акимчилигинин имаратына киришти. Бул тууралуу Казакстандын маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, митингчилер буга чейин администрациянын эшик-терезелерин сындырып салышкан.
Казакстандын шаарларында митингдер бир нече күн мурун газдын кымбатташына байланыштуу башталган.