Бишкекте синтетикалык баңгизат сатууга шектелип 26 жаштагы жигит кармалдыКыргызстанда дагы 63 билим берүү мекемесинде ысык тамак берилүүдөАзия оюндары: грек-рим күрөшүндө Асан Жанышов финалга чыктыДепутат памирлик кыргыздарды жумушка орноштурууга жана адаптациялоого көмөк көрсөтүүгө чакырдыБишкекте сүрөтчү Асанбек Турумбековдун 90 жылдыгына арналган көргөзмө ачылатУлуттук статистика комитети: туризм Кыргызстанга жарым жылда 34 млрд сом киреше алып келди
Казакстандагы кырдаал: Алматыда полиция көп жабыр тартты
05.01.2022 | 14:56
Алматыдагы окуялардан 150 киши жабыр тарткан, анын көбү полиция кызматкерлери. Бул туурасында «Казинформ» жазды.
Алматынын коомдук саламаттыкты сактоо департаментинин маалыматы боюнча, медициналык мекемелерге 190 адам кайрылса, анын 150сү тез жардам, 40ы өз алдынча кайрылган.
«40 адам ооруканага жаткырылды, анын ичинен жетөө жабырланланган. Алардын төртөө полиция кызматкери, реанимацияда. Жабыр тарткандардын арасында 137 полиция кызматкери жана 53 жай тургун бар» – деп билдирген мекеме.
Белгилей кетсек, Алматыда кырдаалдын курчушуна байланыштуу 19-январга чейин өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Алматынын комендатурасы шаар тургундарына сейилдөөдөн жана коомдук жайларга барбай турууга чакырды.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар