Алмазбек Атамбаев Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча үн катты

Алмазбек Атамбаев Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча үн катты

Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаев Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча өзүнүн пикирин билдирди. Бул боюнча оюн ал фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, Кыргызстан менен Өзбекстан ортосунда чек аранын 15% такталып бүтө элек.

“Президент Жапаровдун бул жерлердин делимитациясын тезирээк бүтүргөнгө умтулганын мен толук түшүнөм.

Бирок чек ара маселеси олуттуу стратегиялык мамилени, иш-аракетте ырааттуулукту, сөздө тең салмактуулукту жана кылдат даярдыкты талап кылат. Шашкан — шайтандын иши деп элибиз бекер айтпайт. Бул талаптарга кайдыгер мамиле кылуу эмне менен бүтөөрүн бизге Баткен окуялары ачык көрсөттү. Экинчи эреже: чек ара маселесине элдин басымдуу бөлүгү бийликке ишенгенде гана чекит коюуга болот. Учурдагы кырдаал болсо бир аз башка.

Убагында Өзбекстан менен 1378 чакырымдын 1170 чакырымын же талаштуу тилкелердин 85%ын макулдашканбыз, бирок мунун баары ачык-айкын, эксперттер жана жергиликтүү тургундардын катышуусунда өттү. Азыр болсо келишимге кол коюудан керек болсо ЖКнын тийиштүү комитетинин төрагасы да баш тартты. Бул бир нерсе туура эмес экенин билдирет, демек, биринчи кезекте элдин ишенимин кайтарыш керек.

Кайчы пикир үчүн куугунтукту токтотуу керек. Укук коргоочуларды, журналисттерди, өзгөчө алардын арасындагы аялдарды камакка алуу — бул абдан уят иш. Мындай кадамдарга эч кандай аргумент калбаганда, бет тырмалык кылып, чындыктан корккондо гана барат. Камалгандарды тез арада бошотуп, алардан кечирим сурап, оппозиция, журналист, активисттерге, жергиликтүү калкка берген кеңештери, накыл кептери үчүн ыракмат айтыш керек.

Бүгүнкү күндө элдин ынтымагы үчүн Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча чечим кабыл алуу мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу эң туура болмок. Эл шашпай дагы бир жолу баарын салмактап, тийиштүү документтерди карап, эксперттерди угуп, өз баасын берсин. Президент Мирзиеев да муну туура түшүнөт. Ал акылман адам жана биздин элдин чыныгы досу.

Анткени, кеп өлкөдөгү тынчтык жана стабилдүүлүк, Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыгы жөнүндө болуп жатат! Эң оор, эң курч маселелер жөнүндө — ата-бабаларыбыздан мурас катары калган жер, суу жөнүндө болуп жатат. Бул үчүн алар кан төгүп, жанын беришкен. Биз да балдарыбызга, урпактарыбызга уят болбой, келечекти ойлошубуз керек”, — деп жазган Алмазбек Атамбаев.

Буга чейин президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде кыргыз-өзбек чек ара маселеси боюнча түшүндүрмө берген. 

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>