Активист Марат Баязов суракка чакырылды

Активист Марат Баязов суракка чакырылды

Бүгүн, 26-октябрда саясий активист Марат Баязов суракка чакырылды. Бул маалыматты “Кылым шамы” укук коргоо борборунан билдиришти.

Маалым болгондой, ал учурда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгында сурак берүүдө.

Ал акыркы окуялар боюнча саясатчылар, жарандык активисттер жана блогерлер кармалган кылмыш ишинин алкагында сурак берүүдө. Ал күбө катары суралып жатат.

Эске салсак, 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн.

25-октябрга караган түнү Биринчи май райондук соту тарабынан камалгандардын баш коргоо чарасы каралып, 20дан ашык активист жана саясатчылар эки айга камалган. 

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген. 

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>