Мурдагы каржы министри Алмаз Бакетаев Улуттук банктын төрагасы болуп шайландыӨкмөт ата мекендик зергерлер үчүн баалуу металлдарды сатуу тартибин бекиттиМандатын тапшыргандардын ордуна Жогорку Кеңешке жаңы депутаттар келдиЖогорку Кеңештин депутаттарынын трибунадан сүйлөөсү чектелетЭрулан Кокулов Кыргызстанда «журналисттик мафия» иштеп жатканын билдирдиУКМК Нипах вирусунун жайылышынын фонунда чет элдиктерге жасалма медициналык маалымкаттарды берүү схемасын ашкереледи
А.Атамбаевге дагы бир айып тагылды
02.06.2022 | 10:00
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге 2010-жылдагы Июнь окуясы боюнча айып тагылды. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев билдирди.
Анын айтымында¸Атамбаевге КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган”) боюнча айыпталууда. Ишти Башкы прокуратуранын тергөө кызматы иликтөөдө.
Алмазбек Атамбаев 2019-жылы кримтөбөл Батукаевдин иши боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу ал 2020-жылы 11 жылга эркинен ажыратылган жана мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыккан. Бул өкүмдү Жогорку сот быйыл март айында күчүндө калтырган.
Ошондой эле, 2010-жылдагы Июнь окуясы боюнча Роза Отунбаева дагы суракка чакырылганы да маалымдалган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат