Алмазбек Исманкулов кармалды. Ал коррупцияга жана жабдууларды өзүнө ыйгарып алууга шектелүүдө
Ички иштер органдары «Көздүн микрохирургиясы» ооруканасынын директору Алмазбек Исманкуловду кармашты. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Исманкулов жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, Саламаттык сактоо министрлигинин жана Билим берүү министрлигинин бир катар кызмат адамдары Кыргызстанга чет элдик техникалык кредиттердин алкагында алып келинген медициналык жабдууларды мыйзамсыз түрдө ыйгарып алуу жана коррупция фактысы боюнча шектелүүдө.
1997-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университети медициналык билим берүүнү өнүктүрүү максатында «КМУнун медициналык борбору “ИнтерГоспиталь”» аттуу ЖЧК түзгөн. Анын директору болуп Исманкулов дайындалган.
1998-жылы кореялык «Медисон Ко. ЛТД» компаниясы менен КМУнун проректору А. Исманкуловдун ортосунда Кыргызстанга медициналык жабдууларды жеткирүү боюнча келишим түзүлгөн.
«Кийинчерээк, коррупциялык схема аркылуу “ИнтерГоспиталь” компаниясынын жалган негиздөөчүлөр жыйыны өткөрүлүп, университеттин мамлекеттик үлүшү жеке менчикке өткөрүлүп кеткен. 1999–2000-жылдары өлкөгө жалпы суммасы 9 миллион доллардан ашык медициналык жабдуулар келген. Бирок Исманкулов иштеп чыккан схема боюнча, КМУнун, Саламаттык сактоо, Билим берүү министрликтеринин жана башка мекемелердин айрым кызмат адамдарынын көмөгү менен бул жабдуулар мыйзамсыз бөлүштүрүлүп, Исманкуловго тиешелүү жеке менчик клиникаларга өткөрүлүп берилген», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошол эле учурда, жабдууларды сатып алуу үчүн алынган кредит бүгүнкү күнгө чейин төлөнө элек. Соттун чечимине ылайык, аны төлөө боюнча милдеттенмелерди мамлекет өзүнө алган. 2025-жылга карата карыздын көлөмү 31 миллион долларды түзөт.
Исманкулов ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалган. Биринчи Май райондук соту аны камакка алган. Териштирүү иштери уланууда.