Алты ай камакта отурду. Тууну өзгөртүүгө каршы чыккан активист үй камагына чыкты

Алты ай камакта отурду. Тууну өзгөртүүгө каршы чыккан активист үй камагына чыкты

«Массалык башаламандыктарга чакырык жасоого» шектелип кармалып жарым жылдан ашык убакыт камакта отурган активист Афтандил Жоробеков үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу «Кылым шамы» коомдук фонду билдирди.

Жоробековдун бөгөт чарасы 15-июнда Ленин райондук сотунда каралып, тергөөчү аны 4-июлга чейин камакта калтырууну өтүнгөн.

Бирок активисттин жактоочусу Жаныш Бараков кошумча жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгы Жоробековдун билдирүүлөрүндө массалык башаламандыктарга чакырык жасоо болбогонун көрсөткөнүн белгилеп, аны үй камагына чыгарууну суранган.

Натыйжада сот Жаныш Бараковдун өтүнүчүн канааттандырып, Афтандил Жоробековду үй камагына чыгарган.

Эскерте кетсек, былтыр Кыргызстандын туусун өзгөртүү демилгеси көтөрүлгөндө, коомчулук, анын ичинде бир катар активисттер ага каршы чыккан. Алардын арасында автивист Афтандил Жоробеков да бар болгон. Жоробеков тууну өзгөртүүгө каршылыгын билдирүү үчүн тынчтык акцияларды уюштурарын жарыялаган. Алгач ал 2-декабрда автожүрүш өткөрүүгө аракет кылган. Бирок милиция кызматкерлери акция өткөрүүгө жолтоо болгон.

Андан кийин Жоробеков 9-декабрда Бишкектин Горький сейил багында тынчтык митингин уюштурууну пландаган. Бирок ага жетпей эле 7-декабрда активист милиция тарабынан кармалган. Жоробековго «массалык башаламандыктарга чакырык жасоо» беренеси боюнча айып тагылган.

Жоробековдун кармалганына карабай 9-декабрда тууну өзгөртүүгө каршы митинг өткөн. Митингде эч кандай мыйзам бузуулар болгон эмес.

Тергөө аяктаган соң анын иши Ленин райондук сотуна жиберилген. Соттук кароонун жүрүшүндө Жоробековдун билдирүүлөрү боюнча кошумча экспертиза жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы активисттин сөздөрүндө эч кандай чакырыктар жок экенин көрсөткөн.

Кийинчерээк прокурордун өтүнүчү менен иш кайра тергөөгө жөнөтүлгөн. Учурда тергөө иштери уланууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>