«Алтын балалыкта» 14 жашар кыз сууга чөгүп кетти. Чоо-жайы

«Алтын балалыкта» 14 жашар кыз сууга чөгүп кетти. Чоо-жайы

Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын балалык» реабилитациялык борборунда 14 жаштагы кыз сууга чөгүп кетти. Дагы бир кыз ооруканада жатат. Бул тууралуу маркумдун эжеси Жазгүл Кылычбекова билдирди.

Анын айтымында, окуя 5-августта болжол менен саат 10:30да болгон.

«4-августта Нарын облусунун Миң-Куш айылынан 238 бала «Алтын балалыкка» эс алууга жөнөтүлгөн. 5-августта сиңдим менен дагы бир кыз чөгүп кетишти. Сиңдимди суудан иним алып чыкты, бирок медиктер өз убагында жардам көрсөтө албай, каза болду. Экинчи кыз реанимацияда жатат», — деди Жазгүл Кылычбекова.

Жазгүл 11 жаштан 14 жашка чейинки 238 балага 9 гана вожатый болгонун, ал эми борбордо куткаруучулар жок экенин билдирди.

Буга байланыштуу ал «Алтын балалык» реабилитациялык борборунун администрациясын жана шалаакылыгы үчүн топтун жетекчилерин жоопко тартууну өтүнөт. Ошол эле учурда, аял соттук-медициналык экспертиза өткөрбөстөн өлүкканадан сөөктү алып кетип жатканда, туугандарынан тосмо арыз жазып берүүлөрүн суранышканын кошумчалады.

«Ошол күнү мен жээкте болчумун. Милиция кызматкерлери, куткаруучулар дагы бар болчу. Жээкте мелдештерди өткөрүп жатканбыз, балдардын бардыгы катышып жаткан. Ошол учурда балдарга сууга түшүүгө тыюу салынган. Мелдеш аяктагандан кийин бизден алысыраак турган эс алуучулар баллондо отурган төрт кыз сууга түшүп кетти деп кыйкыра башташты. Биз үчөөнү чыгардык.

Анан дагы бирөө ошол жерде дагы кыз бар болгонун айтты. Көп өтпөй аны таап, биринчи жардам көрсөтүшкөн, бирок куткара алышпай калды. Андан кийин маркумдун агасы менен апасы келишти. Биз аларга баарын түшүндүрдүк. Алардын эч кандай дооматы жок», — дейт мурдагы саламаттыкты сактоо министри, азыр санаторийди жетектеген Алымкадыр Бейшеналиев.

Ал белгилегендей, реабилитациялык борбордун аймагындагы окуядан кийин коопсуздук чаралары күчөтүлгөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>