Ошто милиция түнкүсүн балдарына көзөмөл кылбаган ата-энелерге 25 миң сом айып салды

Ошто милиция түнкүсүн балдарына көзөмөл кылбаган ата-энелерге 25 миң сом айып салды

Ош облусунда милиция 2нен 10-майга чейин «Өспүрүм түн» аталышында рейд өткөрүүдө. Бул тууралуу милициядан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, рейддин жүрүшүндө кызматкерлер саат 22:00дөн кийин коомдук жай, дүкөн, компьютердик клуб жана эс алуучу жайларда көзөмөлсүз, коомдук адеп-ахлакка туура келбеген терс көрүнүштөрдү жасап жүргөн, ошондой эле мектеп жашындагы окубаган балдарды аныктап, укук бузуулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Ал эми  алардын ата-энелерине мыйзам чегинде чара көрүлөт.

Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, социалдык жактан коргоо кызматтары жана аймактык билим берүү тармагынын кызматкерлери катышууда.

2-майда өткөн рейддин биринчи күнүндө Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 74 жана 102-беренелеринин негизинде өспүрүмдөрдүн ата-энелерине Алай районунда 5, Араван районунда 2, Кара-Суу районунда 12 жана Өзгөн районунда 6 протокол түзүлүп, 25 миң сом айып пул салынды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>