Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды15-мартка карата аба ырайыТалас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулууда
Алтын куймаларынын баасы 2020-жылдагы деңгээлге чейин төмөндөдү
07.07.2022 | 23:54
Улуттук банк бүгүн, 7-июлда чыгарган алтындын унцийсин кайра сатып алуунун баасы 145 миң 150 сомду түздү. Мындай деңгээлдеги баа акыркы жолу 2020-жылдын июнь айында белгиленген.
Баа жума күндөн бери 2.88% га төмөндөдү.
Муну менен бирге алтындын калкка сатуу баасы 13-июндан бери өзгөрүүсүз калып, унциясы үчүн 182 миң 602 сомду түздү.
Дүйнөлүк базарда алтындын баасынын төмөндөшү байкалууда. Кечээ Лондондун баалуу металлдар рыногунда баа бир унция үчүн 1754,3 долларга (КР Улуттук банкынын курсу боюнча 139 миң 443 сом) чейин төмөндөдү.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика