Орусия: Мигрантты ичке урган чиновниктин видеосу тарады

Орусия: Мигрантты ичке урган чиновниктин видеосу тарады

Социалдык тармактарда Орусиядагы Миграция департаментинин кызматкерлеринин бири иш кагаздарын жүргүзүү учурунда мигранттын курсагын чыканак менен чаап жатканы тартылган видео тарады.

Видеону Москвада жашаган укук коргоочу, INNO Буюк Келажактын негиздөөчүсү жана бир катар уюмдардын жетекчиси Бахром Исмаилов социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү.

«Эмгек патентин берүү процессинде, болжолдуу түрдө Воронеж шаарындагы ОВМнын кызматкерлеринин бири эмгек мигрантын сүзүп, түртүп жиберген«, — деп жазат укук коргоочу видеонун сүрөттөмөсүндө.

«Кызматкерди иштен кетириш керек, ал эми жетекчилик эмгек мигрантынан жеке өзү кечирим сурашы керек», — дейт Бахром Исмаилов.

Видеодо ал адам кайсы өлкөнүн жараны экени, Орусиянын миграция департаментинин кызматкери кимге күч колдонгону көрсөтүлгөн эмес.

Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володиндин айтымында, Орусиядагы мигранттардын арасында Өзбекстандын жарандары эң чоң топ бойдон калууда.

Азыр Орусиянын аймагында 1,8 миллион өзбек иштейт. 2021-жылы алар мекенине 8 миллиард доллар которгон.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>