Алтынай Өмүрбекова: Кубатбек Боронов парашюттан түшкөн адам эмес, ал премьер-министрликке татыктуу кадр

Алтынай Өмүрбекова: Кубатбек Боронов парашюттан түшкөн адам эмес, ал премьер-министрликке татыктуу кадр

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кечээ, 15-июнда кызматтан кетери тууралуу арыз жазды.  Ал өзүнүн чечимин радиожыштыктар чуусуна, ага байланыштуу тергөө иштеринен улам белгисиздик абал өкмөттүн толук кандуу ишине тоскоолдук келтирери менен жүйөө келтирген.

Президент Сооронбай Жээнбеков Абылгазиевдин кызматтан кетүү тууралуу арызына кол койду.  Ал эми көпчүлүк коалиция өкмөт башчылыкка биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновду сунуштады.

Экс-вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Reporter.kgге билдиргендей Кубатбек Боронов өкмөт башчылыкка таттыктуу кадр.  

Кубатбек Айылчиевич өтө тажырыйбалуу башкаруучу. Мамлекеттик башкарууда көптөн бери иштеп келет. Ал кандайдыр бир парашют менен түшкөн адам эмес, кызмат жолунда баардык баскычтарды басып өткөн. Көп жыл Өзгөчө кырдаалдар министри болуп иштеди.  Бул анын туруктуу мүнөзүнөн, командада иштей аларынан кабар берет.  Анын өтө жакшы сапаттарынын бири, угуп жана маселе чече алгандыгы.   Мен аны менен бирге иштеген адам катары айта алам, керек учурда жоопкерчилик ала алат.  Өкмөт башчылыкты толук кандуу аркалап кете алат”,дейт экс-вице-премьер.

Ал эми Бороновдун кемчиликтери тууралуу, ал мындай сапаттарын көргөзбөй жашыра аларын айтат.

“Биз эки жыл чогу иштеп, бири-бирибизди колдоп келдик. Азыркы абалда  жакшы талапкер. Жакында парламенттик шайлоо болорун эске алсак, көп нерсени өзгөртүүнүн кереги жок”, — дейт Алтынай Өмүрбекова. 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>