Вице-премьер Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайына барды (сүрөт)

Вице-премьер Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайына барды (сүрөт)

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Шералы Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайына (РОРОЖ) барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Окуу жайдын директору Кадырбек Эргешов вице-премьер-министрге аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Анын маалыматына караганда, 2019-жылы РОРОЖго кошумча 48,8 млн сом бөлүнгөн.  Ал каражаттар жатакананы, окуу жана спорттук комплекстерди капиталдык оңдоого багытталган.

Алтынай Өмүрбекова оңдолуп жаткан объекттерди көрүп чыгып, окуу класстары, окуу жайдын тарбиялануучулары машыккан күрөш жана бокс спорттук залдары менен таанышты.

Кадырбек Эргешов бул жайдын окуу-материалдык базасын жана спорттук шаймандарды жаңылоого кошумча каражат бөлүүнү өтүндү.

Вице-премьер-министр Өкмөт окуу жайдын тарбиялануучуларынын тамактануусуна бөлүнүүчү акчанын көлөмүн көбөйтүү,  билимдин сапатын жогорулатуу үчүн окуу-материалдык базаны жакшыртууга акча бөлүү мүмкүнчүлүгүн карап жатканын билдирди. Мындан тышкары бардык оңдоп-түздөө иштерин өз учурунда бүтүрүү жанат окуу жайдын айланасын жакшыртуу  боюнча тапшырма берди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>