Алтынбек Сулайманов Орусиядан келген дарыгерлерди тосуп алды — сүрөттөр

Алтынбек Сулайманов Орусиядан келген дарыгерлерди тосуп алды — сүрөттөр

Орусиядан 24 кыргыз дарыгери өз ыктыяры менен Кыргызстанга жардамга келишти. Алардын учак билеттерине, бейтаптарды дарылоо үчүн алып келе жаткан дары-дармектерине кеткен чыгымдарды депутат Алтынбек Сулайманов толугу менен мойнуна алган. Ошондой эле эл өкүлү врачтарды 1 ай бою жашай турган мейманкана жана 3 маал тамак-аш менен дагы камсыз кылат. 

Орусиядан келген дарыгерлер Бишкектеги 4 жылдыздуу мейманканага жайгаштырылды. Алтынбек Сулайманов медиктердин учак билетине 600 миң сом которду. Мындан тышкары Орусиядан керектүү дары-дармектерди алууга дагы өз каражатынан 1 миллион сом бөлдү.

[su_image_carousel source=»media: 33747,33745,33746,33748,33749″ crop=»none» autoplay=»4″]

Белгилей кетсек, кечээ, 4-июлда депутат Сулайманов бул иш-чараны уюштурууга жардам бергендерге ыраазычылыгын билдирип, «Фейсбуктагы» баракчасына жазган.

«Бул иш-чараны уюштургандардан Неговский атындагы жалпы реаниматология институтунун анестезиолог-реаниматологу Өмүралиева Эльвирага, мекендештерибиз Нургуль Камбаралиевага, Нурлис Токебаевге жана Кыргызстанда салым кошкон Индира Безеловага, Айжан Чыныбаевага, Мирбек Асангариевге, Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловго, Өкмөт башчысы Кубатбек Бороновго, уюштуруу иштерин тездетүүгө салым кошкон Саламаттыкты сактоо министрлигине, ошондой эле жакшы күндөрдө да, оор күндөрдө да элибизди колдоп келген диаспора өкүлдөрүнө, мигранттарыбызга терең таазим!

Мен анестезиолог-реаниматолог Эльвира Турсункалиевна жана элчи Аликбек Жекшенкулович менен кеңешип, бейтаптарды дарылоо үчүн дары-дармектерин, учак билетинин жана 1 ай жашай турган мейманканасынын, тамак-ашынын чыгымдарын өз мойнума алдым.

Азыркы кырдаалда ар бирибиз элибиз үчүн колубуздан келген жардамыбызды аябоо – эң маанилүү. Жалпыңыздарга ден-соолук, аманчылык каалайм!”-деп жазган эл өкүлү Алтынбек Сулайманов.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>