Алтынбек Сулайманов УКМКда сурак берип жатат

Алтынбек Сулайманов УКМКда сурак берип жатат

Жогорку Кеңештеги “Бир Бол”фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте сурак берип жатат. Маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы тастыктады.

Мекеменин маалыматына караганда,  эл өкүлү “Азаттыктын” иликтөөсүндөгү айрым фактылардын алкагында күбө катары сурак берүүдө.

Белгилей кетсек, Сулайманов 3-декбарда ушул эле иш боюнча УКМКга сурак берип чыккан.

 21-ноябрда “Азаттык”, “OCCRP” жана “Kloop” маалымат агенттигинин “Бажыдагы миллиондор: Карактоо жана калкалоо”  деген иликтөөсү жарыяланган.

Иликтөөдө айтылган айрым фактылар боюнча сотко чейинки териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн мекемелер аралык тергөө тобу түзүлгөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>