«Альянс Алтын» Шаршенбеков баштаган балбандарга 100 миң сомдон тапшырды

«Альянс Алтын» Шаршенбеков баштаган балбандарга 100 миң сомдон тапшырды

«Альянс Алтын» компаниясы Париждеги Олимпиада оюндарына бара турган Талас облусунан чыккан балбандарга колдоо көрсөттү. Бул тууралуу аталган компаниядан билдиришти.

Чоң мелдешке аттанып жаткан беш спортчуга 100 миң сом акчанын сертификаттары жана спорттук кийим тапшырылды. Алардын арасында Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Үзүр Жусупбеков, Бекзат Алмаз уулу жана Жоламан Шаршенбеков бар. Алар Олимпиадага жолдомо алып, учурда бул ири мелдешке даярданууда.

Ошондой эле компания быйыл дүйнө чемпионатына катыша турган балбандар Ислам Орозобековго жана Раззак Бейшекеевге да акчалай сыйлык берди.

Кыргызстандын курамасынын мүчөлөрү «Альянс Алтынга» ыраазычылык билдирип, компания бир гана спортко колдоо көрсөтпөстөн, Талас облусунун өнүгүүсүнө чоң салым кошуп жатканын белгилешти.

Эскерте кетсек, «Альянс Алтын» Таластагы Жерүй алтын кенин иштетет. Мындан улам аталган облустан чыккан спортчуларга колдоо көрсөтүп келет.

Компания Талас облусунун балбандарына демөөрчүлүк кылып келе жаткан бир жыл аралыгында өнөктөштөрү менен бирге 11,6 млн сом каражат жумшады. Андан тышкары колдоо көрсөтүү ирээтинде Кыргызстандын Олимпиада комитетине 3 жылдын ичинде 6 млн сом которгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>