«Альянс Алтын» Таластагы мектептерге заманбап жабдууларды белек кылды

«Альянс Алтын» Таластагы мектептерге заманбап жабдууларды белек кылды

«Альянс Алтын» компаниясы 27-мартта Талас облусундагы мектептерге заманбап жабдууларды тапшырды. Бул демилге компаниянын демөөрчүлүгү менен ишке ашып, облус аймагындагы билим берүү мекемелерин техникалык жактан жакшыртуу максатын көздөдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Талас облусундагы 11 мектепке заманбап компьютерлер, интерактивдүү панелдер жана принтерлер тапшырылды. Бул жабдуулар окуучуларга технологиялык жеткиликтүүлүктү камсыздап, мугалимдердин окутуу процессин жеңилдетүүгө жардам берет.

Компаниянын өкүлү Асман Ташматов былтыр да облустагы мектептерге ушундай эле жабдуулар «Альянс Алтын» тарабынан алып берилгенин белгиледи.

«Келечек муунга сапаттуу билим берүү үчүн бардык шарттарды түзүүдө “Альянс Алтын” компаниясы дайыма өз көмөгүн көрсөтүп келет. Интерактивдүү технологиялар окуучулардын билим алуусун дагы да кызыктуу жана жеткиликтүү кылат деген ойдо былтыр дагы облусубуздагы бир нече мектепке жана Талас мамлекеттик университетине ушундай эле жабдууларды тапшырганбыз. Бул жылы дагы облустагы 11 мектепке тапшырдык», — деди Ташматов.

Жабдууларды тапшыруу иш-чарасына катышкан Жогорку Кеңештин депутаты Марат Мураталиев жаш муундун заман талабына ылайык билим алуусуна көмөктөшкөндүгү үчүн «Альянс Алтын» компаниясына ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле мектеп администрациялары жана ата-энелер мындай колдоого ыраазычылыктарын билдирип, билим берүү тармагын өнүктүрүүгө багытталган бул сыяктуу демилгелердин маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Эске сала кетсек, «Альянс Алтын» компаниясы Талас облусундагы «Жерүй» алтын кенин иштетип келет. Компания «Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду менен биргеликте буга чейин билим берүү тармагындагы  бир катар долбоорлорго каржылык көмөгүн көрсөткөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>