Бишкекте айрым көчөлөрдө убактылуу ысык суу өчүрүлөтТурдакун Усубалиевдин жакындары Кочкордун аталышын өзгөртүүгө каршы чыктыБишкекте Гоголь көчөсүндөгү бала бакча капиталдык оңдолууда«Манас» аэропортуна улгайган жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга унаа токтотуучу жайга кирүүгө уруксат бердиМунарбек Сейитбек уулу дүйнөлүк бокс рейтингинде 3-орунду ээледиШаардык сот Кой-Таш окуясы боюнча өкүм чыгарды
Аманбай Кайыпов Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу болот — видео
18.01.2020 | 09:31
Контейнер мектепке байланыштуу чырдан кийин кызматтан кеткен Нарындын экс-губернатору Аманбай Кайыпов Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугуна барат.
Бул маалыматты Reporter.kg`ге ишенимдүү булактар кабарлап, учурда анын талапкерлиги каралып жатканын айтып берди.
Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулу кызматын буга чейин Эркин Сопоков аркалап келген. Ал Стамбулда киши колдуу болгон ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу кызматтан бошоп, ноябрь айында камакка алынган.
Ал эми Аманбай Кайыпов учурда Өнөр жай, энергетика жана жер ресурстары боюнча комитеттин төрага орун басары кызматын аркалап жаткан.