Ошто “Казак” деген каймана аты бар Умар Маратов кармалды

Ошто “Казак” деген каймана аты бар Умар Маратов кармалды

Оштун экс-мэри Айтмамат Кадырбаевдин инисинин сабалышына катыштыгы бар деп «Казак» деген каймана аты бар Умар Маратов кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирет.

“Ал 11-январга караган түнү Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш кичи районунда  түнкү саат 01.30 чамасында катталган каракчылык фактысы боюнча жүрүп жаткан тергөө иштерин алкагында каракчылыкка шектүү катары оперативдүү жол менен алынган далилдердин негизинде кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди”, — деп жазылат маалыматта.

Ош шаарынын мурдагы мэри Айтмамат Кадырбаевдин иниси Улан Раимбеков 11-январь күнү сабалган. Каракчылар анын акчасын жана травматикалык тапанчасын тоноп кетишкен.

Белгилей кетсек “Казак”  аттуу шектүү уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турат. Ал буга чейин уурулук жана каракчылык беренелери боюнча соттолуп чыккан.

2019-жылдын октябрь айында жашы жете элек 16 жашар кызды зордуктоого шектелген. Ага чейин Ош шаарындагы эс алуу жайлардын биринен 23 жаштагы жигитке бычак сайган деп кармалган.

Кийин ал Ош шаардык сотунун судьясы Айнура Сулайманованын чечими менен үй камагына чыгарылган.  17-январда президент Сооронбай Жээнбеков судья Айнура Сулайманованы мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотту.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>