Адвокат 4 миң доллар алып жаткан жеринен кармалды19-июль: Кыргызстанда абанын температурасы +43°С чейин көтөрүлөтКөчөдө эркек кишини сабаган деп шектелген жаран Бишкекте кармалды«Жаштык Аренада» КРСУнун тарыхындагы эң масштабдуу бүтүрүү кечеси өтөтБУУнун башкы катчысы: жасалма интеллект теңсиздикти эмес, адамдарды колдоого тийишAir China Пекин — Бишкек — Пекин багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды ачат
Аманбай Кайыпов Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу болот — видео
18.01.2020 | 09:31
Контейнер мектепке байланыштуу чырдан кийин кызматтан кеткен Нарындын экс-губернатору Аманбай Кайыпов Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугуна барат.
Бул маалыматты Reporter.kg`ге ишенимдүү булактар кабарлап, учурда анын талапкерлиги каралып жатканын айтып берди.
Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулу кызматын буга чейин Эркин Сопоков аркалап келген. Ал Стамбулда киши колдуу болгон ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу кызматтан бошоп, ноябрь айында камакка алынган.
Ал эми Аманбай Кайыпов учурда Өнөр жай, энергетика жана жер ресурстары боюнча комитеттин төрага орун басары кызматын аркалап жаткан.