«Арал» жана «Сосновка» постторунда жүк ташыган чоң унаалар өткөрүлө баштады

«Арал» жана «Сосновка» постторунда жүк ташыган чоң унаалар өткөрүлө баштады

Бишкек – Ош жолундагы «Арал» жана «Сосновка» постторунда жүк ташуучу чоң унаалар үчүн чектөө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Чектөө бүгүн саат 08:30да алынган.

«Белгилей кетсек, кечээ, 20-ноябрда кечке маал Бишкек — Ош жолунда жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында чоң унааларга убактылуу чектөө киргизилген», — деп билдирет министрлик.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>