Аргентинада Марадона өлгөндөн кийин үч күндүк аза күтүү жарыяланды

Аргентинада Марадона өлгөндөн кийин үч күндүк аза күтүү жарыяланды

Аргентина өкмөтү легендарлуу футболчу Диего Марадонанын өлүмүнөн кийин өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыялады.

«Диего Армандо Марадонанын каза болгонуна байланыштуу, президент бүгүнтөн баштап үч күндүк улуттук аза күтүү күнүн жарыялайт», — деп билдирди Аргентина президентинин администрациясынын басма сөз кызматы.

Марадона кечээ, 25-ноябрда 60 жашында жүрөк оорусунан Тигре шаарындагы Сан-Андрес аймагындагы үйүндө көз жумган. 

Маалыматка ылайык, Марадона 30-октябрда ооруканага жаткырылып, башына операция жасалган. 12-ноябрда ооруканадан чыккан. 

Диего Марадона 1986 – жылы Аргентина курамасы менен дүйнө чемпиону болгон. Өткөн кылымдын эң мыкты футболчуларынын бири катары футбол дүйнөсүндө таанымал спортчу болчу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>