АРИС уюму Өзгөчө кырдаалдар министрлигине колдоо көрсөттү

АРИС уюму Өзгөчө кырдаалдар министрлигине колдоо көрсөттү

Коомчулукту инвестициялоо жана өнүктүрүү агенттиги (АРИС) эл көп чогулган объектилерде дезинфекциялоо иштери үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 20 тонна кальций гипохлорит түрүндө колдоо көрсөттү. Бул тууралуу агенттиктин маалымат кызматы кабарлайт.

Бул колдоо, өлкөнүн COVID-19 пандемиясына каршы жүргүзүп жаткан аракеттерин илгерилетүү максатында «Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун алкагында Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан каржылаган.

Кальций гипохлорит банктар, райондук жана шаардык администрация мекемелери, дарыканалар өңдүү эл көп чогулган объектилер жана унаа жолдорун дезинфекциялоо үчүн  өлкөнүн түштүгүндөгү облустар менен шаарларга бөлүштүрүлөт.

Ошондой эле, долбоор Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборуна колдоо көрсөтүүнү караштырууда.

Белгилей кетсек, 2017-жылдан тарта АРИСтин «Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү» долбоору бир катар айылдарга жардам көрсөтүп келет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>