Молдовановка абагында кармалып жаткан Арстан Алай каза болду. Бул тууралуу маалыматты Жаза аткаруу кызматы таксыктады.
Эскерте кетсек, Арстан Алай декабрда кармалып, 2024-жылдын 15-январына чейин камалган.
УКМК ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча кылмыш ишин козгогон.
Арстан Алай 1968-жылы Нарын облусунда төрөлгөн. Ал ишкерлик менен алектенип, бир нече жолу президенттик шайлоого катышкан. Коомдо «кыш болбойт» билдирүүсү менен белгилүү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз