Артем Новиков балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн келечегине тынчсызданды

Артем Новиков балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн келечегине тынчсызданды

Балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү жогорку окуу жайларга (ЖОЖ) жана орто кесиптик окуу жайларга милдеттүү түрдө тапшыруусун камсыздоо зарыл. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү боюнча кеңешмеде айткан.

“Бизде мыйзам жүзүндө, Өкмөттүн деңгээлинде балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүн мамлекет тараптан турак-жай менен камсыздоо жаатында көптөгөн программалар кабыл алынган. Буга катар бүгүнкү күндө балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүн жогорку окуу жайларда окутуунун кепилденген механизмдери, андан ары эмгекке орноштуруу кепилдиги жок. Ошол эле учурда энергетика, ветеринария, билим берүү тармагында адистердин жетишсиздиги орун алгандыгын айтып келебиз. Балдар мекемеден чыгарылган соң тармактык кызматтар аркылуу алардын келечек тагдыры жана эмгекке орноштуруу боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлбөйт”, — деген Артем Новиков.

Анын айтымында, социалдык мекемелердин бүтүрүүчүлөрү жашаган орду боюнча каттоого турууда, паспорт алууда кыйынчылыктарга туш болушат, мектептердеги төмөнкү сапаттагы билими ЖОЖдорго тапшырууга мүмкүндүк бербейт, ошол эле учурда турак-жай маселеси да бар.

“Алардын сойкулукка, кылмыш дүйнөсүнө тартылышы тууралуу жаңылыктарды угуп, таң калабыз. Эгерде мамлекет тараптан алардын жашоодогу ордун табуусуна шарт түзүлүп берилбесе, алар кандай кылышы керек?”, — деп Артем Новиков суроо салган.

Биринчи вице-премьер-министр Билим берүү жана илим министрлигине, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине үстүбүздөгү жылдын апрель айында балдар үйүнөн чыккан абитуриенттерди ЖОЖго тапшырууга тийиштүү деңгээлде даярдап чыгуу маселесин иштеп чыгууну тапшырган.

“Үстүбүздөгү жылдын июль айында жатаканада орун берилүү менен ЖОЖдордогу 100 кем эмес гранттык орун камсыздалышы тийиш. Колледждер жана кесиптик окуу жайлар ишканалар менен өз бүтүрүүчүлөрүн адистиктери боюнча ишке орноштуруу маселесин иштеп чыгуусу тийиш. «Мыкты натыйжаларга ээ болгон балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү квоталардын алкагында чет элдик ЖОЖдорго окууга жөнөтүлөт, кайткандан кийин кепилденген түрдө Кыргызстанда ишке орноштурулат. Биз кадрларды бөлүштүрүү тутумун, аны алгачкы баскычта балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн калыбына келтирүүбүз керек», — деген Новиков.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>