Артем Новиков Чүй облусунда өткөн көк бөрүнүн жеңүүчүлөрүнө 100 миң сом берди – сүрөт, видео

Артем Новиков Чүй облусунда өткөн көк бөрүнүн жеңүүчүлөрүнө 100 миң сом берди – сүрөт, видео

4-декабрдан бери Сокулук районунун “Белек” ат майданында өтүп жаткан Чүй облусунун көк бөрү боюнча биринчилиги жыйынтыкталды.

Бүгүн, 6-декабрда оюндардын финалдык беттештери өтүп, мелдешти премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков ачып берди. Ал көрүүчүлөр менен кыргыз тилинде саламдашып, командаларга ийгилик каалады. Ошондой эле ал өзүнүн фондунан жеңүүчүлөр үчүн 100 миң сом бөлүп берерин айтты.


Турнирге Жогорку Кеңештин бир нече депутаты, Чүй облусунун аксакалдары, 1980-жылдагы Москвада өткөн Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү Каныбек Осмоналиев, Көк-Бөрү федерациясынын президенти Искендер Кадыркулов жана турнирдин уюштуруучусу, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Мияров ж.б. адамдар жана жергиликтүү эл катышты.

Белгилей кетсек, аталган турнирге Чүй облусунун бардык райондорунан 10 команда катышты.

Биринчи орун – Сокулук районунун командасы;
Экинчи орун–  Жайыл районунун курмана командасы;
Үчүнчү орун – Ысык-Ата районунун курама командасы;
Төртүнчү орун – Аламүдүн районунун курама командасы.

[su_image_carousel source=»media: 50901,50902,50903,50904″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>