Артем Новиков талапкерлерди шайлоонун жыйынтыгын таанууга үндөйт

Артем Новиков талапкерлерди шайлоонун жыйынтыгын таанууга үндөйт

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков президенти мөөнөтүнөн мурда шайлоодо жана өлкөдөгү башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумда добушун берди.

«Бүгүн бардыгыбыз үчүн өтө маанилүү күн. Ар бир адамдын добушу өлкөбүздүн келечегин чечет!

Баарыңыздарды өз шайлоо тилкеңерге барып, Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн тандоо жасоого чакырам!

Эртең менен жашыруун добуш берүү принциптерин жетекчиликке алып, мен өз тандоомду жасадым. Бул тандоо өлкөбүздүн келечегин чыңдоого жана өнүгүшүнө кызмат кылат деп ишенем. Башаламандык болгон жок, бюллетендер так, каттоодо жана добуш берүүдө көйгөйлөр болгон жок, санитардык ченемдерди сактоо боюнча бардык чаралар да сакталды. Бул шайлоо ачык-айкын өтөт деген ишенимдемин», — деди Новиков.

Артем Новиков Бишкек шаарындагы № 122 Атайы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин имаратындагы № 1102 шайлоо участогунда добуш берди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>