Согуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза тапты
Ашуулардагы абал: киргизилген чектөөлөр алынды
16.12.2025 | 10:25

Бүгүн, 16-декабрь саат 10:00гө карата өлкөнүн ашууларында жол ачык, каттам бар. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.
Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды.
Азыркы тапта № 9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери жүрүүдө.
Министрлик айдоочуларга унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, жанына керектүү шаймандарды ала жүрүүгө жана жол эрежесин так сактоого чакырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом