Садыр Жапаров COP17 саммитинде Ысык-Көлдү коргоо боюнча трасттык фонд түзүүнү сунуштадыКыргызстанда чет өлкөлүк номерлүү унаалардын кирүү эрежелери өзгөртүлдү — толук маалыматОш шаарында «Сулайман-Тоо» эл аралык кинофестивалы өтөт2027-жылдан тарта Кыргызстанда сотто өкүлчүлүк кылуу үчүн юристтерге окуудан өтүү талабы коюлатКытай Кореядан озуп кетти: Кыргызстанга эми кайсы унаалар көбүрөөк ташылып жатат?Бактыбек Анаркулов Суу ресурстары кызматынын директору болуп дайындалды
Мал базарларга байкоо камералары орнотулууда
16.12.2025 | 10:00

Кыргызстандагы мал базарларда жана мал союлуучу жайларга видеобайкоо системалары орнотулууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, азыркы тапта өлкө боюнча 54 мал союучу жайда, 5 мал базарында жана 1 ветеринардык-санитардык экспертиза лабораториясында видеобайкоо камералары орнотулган. Ошондой эле 23 видеокамера активдүү иштеп, процесстерди көзөмөлдөп жатат.
Министрлик мындан тышкары Dahua компаниясынын адиси менен биргеликте кошумча 37 камера орнотуу маселеси каралып жатканын кошумчалады.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом