Жергиликтүү бийликтерге митингдер өтө турган жерди аныктоо укугун берүү сунушталуудаРоссиялык «Вкусно — и точка» тармагы 2026-жылы Кыргызстанда алгачкы ресторандарын ачатДэн Сяопин проспектисинин дагы бир түштүк тилкеси оңдоого жабылатУлуттук банк: «Оптима Банк» аркылуу эң көп алдамчылык операциялары жасалганМына алар, солдон оңго карай: Маданият министри кыргыз рэперлери менен жолугуштуАкысыз медициналык кызмат көрсөтөт: Араванда мобилдик мульти-диагностикалык комплекс ишин баштады
Аскердик кызматтын мөөнөтүн 14 айга чейин узартуу сунушталды
07.10.2022 | 12:00
Коргоо министрлиги Кыргызстанда аскер кызмат өтөөнүн мөөнөтүн 14 айга чейин узартууну сунуштоодо. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Документке ылайык, бир жыл кызмат өтөгөн жоокерлерди ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын демилгеси менен кошумча эки айга кызмат өтөөгө калтыруу сунушталууда. Анын себеби, бир жыл кызмат өтөгөн жоокерлер аскерден кетип, алардан кийин жаңы келген жоокерлердин күжүрмөндөн даярдыгы жок болгондуктан, ал Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн жалпы күжүрмөн даярдыгына өз таасирин тийгизүүдө.
Учурда Кыргызстанда милдеттүү аскердик кызмат өтөөнүн мөөнөтү бир жылды түзөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом