Бишкек мэриясы 8,2 млн сомго тез жардам унааларын сатып алат

Бишкек мэриясы 8,2 млн сомго тез жардам унааларын сатып алат

Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы Үй-бүлөлүк медициналык борборлоруна 3 тез жардам унаасын жана каза болгондордун сөөгүн ташууга 1 атайын унаа алууну пландоодо.

Мэриянын маалыматына караганда, буга чейин унааларды сатып алуу боюнча тендер жарыяланган.

Атайын унааларды алууга 8 миллион 200 миң сом каралган. Жумушчу топ унааларды сатып алуунун техникалык шартын иштеп чыкты.

Буйруктун негизинде сатып алуу жол-жобосун жүргүзүү үчүн тендердик комиссия түзүлгөн.

Борбор калаанын үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун амбулаториялык кызматын уюштуруу үчүн тез жардам унааларын жана шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын Автобазасы үчүн каза болгондордун сөөгүн ташуу үчүн 1 атайын транспортту сатып алуу боюнча тендер мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>