Шакира 18-октябрда Бишкекте концерт берет — билеттер 1-октябрда сатыла баштайт«Бишкекгаз» Ленинское айылында 30-сентябрдан 2-октябрга чейин газ берүүнү токтототКыргызстанда санариптик далилдерди мыйзамдаштырып, виртуалдык активдерге камак салуу сунушталуудаБишкекте үй-тиричилик товарларын жана техникаларын чыгарган өндүрүштүк аянтча ачылдыКыргызстанда кайсы өсүмдүктөрдү жыйноого, колдонууга жана сатууга болбойтБишкектеги Г. Айтиев атындагы музейде байыркы кол жазмалар тууралуу лекция өтөт
“Достук” бекети Кыргызстандан Өзбекстанга чыгууга чектөө киргизди
07.10.2022 | 11:06
Бүгүн, 7-октябрда «Достук – унаа жолу» чек ара бекетинде Кыргызстандын жарандарынын Өзбекстанга чыгышына чектөө киргизилди. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, «Достук – унаа жолу» бекетинде капиталдык курулуш аяктап, имараттарда оңдоо иштери жүргүзүлүп жаткандыктан Кыргызстандан чыгыш жерде паспорттук көзөмөл боюнча 4 терезе иштөөдө. Ага байланыштуу чек арадан өтүп жаткан жарандар менен унаалардын тыгыны жаралышы мүмкүн.
«Достук – унаа жолу» өткөрмө бекети бир күн бою чектөө менен иштейт. Чек ара кызматы жарандардан түзүлгөн кырдаалга түшүнүү менен кароону жана бар турган жолун алдын ала пландоону суранат», – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом