Аскердик бөлүктө жоокерлер үчүн кийим тигиле турган кездемелер кымырылганы аныкталды

Аскердик бөлүктө жоокерлер үчүн кийим тигиле турган кездемелер кымырылганы аныкталды

Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүнүн биринде жоокерлер үчүн кийим тигиле турган кездемелер кымырылганы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы менен УКМКнын аскердик контрчалгындоо башкы башкармалыгы жүргүзгөн текшерүүдө, кызмат адамдары аскер бөлүктөрүнүн биринде өздүк курам үчүн кийим-кече тигиле турган камуфляж кездемелерин кымырып алганын аныктаган. Анын баасы 1 млн 297 миң 122 сомду түзөт.

Башкы прокуратура мыйзам бузуу кайсы аскер бөлүгүндө аныкталганын тактаган жок.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмыш иштин тергөөсү Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы тарабынан жүзгүзүлүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>