Аспеков: Сейтек Атамбаев менен жолуктум, атасы үчүн баласы жооп бербеш керек

Аспеков: Сейтек Атамбаев менен жолуктум, атасы үчүн баласы жооп бербеш керек

Садыр Жапаровдун тарапташы, активист Мелис Аспеков Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейтек менен жолукканын жазды.

Анда ал Сейтек Атамбаев менен кенен маектешкенин жана адам катар катуу сыйлай турганын жазган.

«Бүгүн Сейтек Атамбаев менен кенен-кесир сүйлөштүм, ал мырза өзү ачык, айкындык менен калыстыкты сүйгөн кыргыз элинин мыкты жигиттеринин бири. Тилекке каршы атасынын көлөкөсү бүгүнкү күнгө чейин анын артынан ээрчип, залакасын да тийгизип жүрөт. Бизге айрым учурларда айкөлдүк жетишпей кетет, бекеринен орус-советтик жазуучу, поэт жана прозаик Александр Твардовский айткандай – “ сын за отца не отвечает”, — деп билдирүү калтырган активист.
Белгилей кетсек, Мелис Аспеков Садыр Жапаровдун активдүү колдоочусу жана президенттик шайлоодо Жапаровдун Чүйдөгү штабын жетектейт турганы айтылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>