Ат-Башыда турак үйлөрдүн короолорун суу каптоо коркунучу жаралды

Ат-Башыда турак үйлөрдүн короолорун суу каптоо коркунучу жаралды

Ат-Башы районунда турак үйлөрдүн короолорун суу каптоо коркунучу жаралды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Нарын облусунун Ат-Башы районунда 28-февраль күнү Ача-Кайыңды айылынын М. Сариев көчөсүндө арыктарда суу тоңуп, муз катмары (тос) пайда болуп, турак үйлөрдүн короолорун суу каптоо коркунучу жаралган.

Жерине куткаруучулары жана айыл өкмөттөн 1 эксковатор, 1 Камаз тартылып, муз катмарларын жарып, каптарга кум толтурулуп арыктардын жээгин бекемдөө иш-чараларын жүргүзүшкөн.

Тэги: Ат-башы ӨКМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>