“Ата-Бейиттин” сырын ачкан Бүбүйра Кыдыралиева дүйнө салды. Ал 96 жашында 14-август күнү көз жумган.
Президент Садыр Жапаров анын жакындарына көңүл айтты.
«Айрыкча, быйыл Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлүшүнүн 100 жылдыгы белгиленип жаткан жылы, “Улут аталары жөнүндө” Жарлык кабыл алынган жылы капилеттен кош айтышып оо дүйнө кете бергени мени терең ойго салды», — дейт ал.
Бүбүйра Кыдыралиева 1990-жылдары атасы Абыкан Кыдыралиевдин аманатын аткарып, анын маалыматы, коопсуздук кызматынын кызматкери Болот Абдрахмановдун жардамы менен, «Ата-Бейитте» көмүлгөн саясый репрессия учурунда атууга кеткен 138 адамдын сөөгү табылат.