БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерди каттоону аяктадыБычак менен коркуткан. Бишкекте каракчылыкка шектелип 4 жигит кармалдыДобуш сатып алууга шектелип, Жогорку Кеңешке талапкер кармалдыБишкекте индиялык студенттер баңгизат сатууга шектелип кармалдыТоктогул районунда форель икрасын өндүрүүчү цех курулуудаЖК депутаттыгына мурдагы талапкер Кудрет Тайчабаров кармалды
Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча чоң мелдеш өтөт
15.08.2024 | 09:14
Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча Кыргызстандын президентинин кубогу, II Дүйнөлүк кыргыз күрөшү боюнча чемпионат өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш 22-23-августта Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда өтөт.
Мелдештин биринчи күнү президенттин кубогунун алкагында алптардын күрөшү болот. Ага өлкө атынан балбандар Бактияр Мирлан уулу жана Бекболот Токтогонов катышат.
Бул таймашка 35 өлкөдөн 200 дөн ашык спортчу келери күтүлүүдө. Байге фонду 1 млн сомду түзөт.
Курама команданын тизмеси:
Эркектер арасында:
- Бакберди Туратбек уулу, Сыматбек Алымбеков (60 кг);
- Арлен Эстебесов, Бекболсун Сатканкулов (66 кг);
- Бекбай Мамбетказиев, Малик Төлөгөнов (72 кг);
- Хабибулло Тынчтыкбек уулу, Айболот Аманов (78 кг);
- Азизхан Мусабек уулу, Анвар Муратбек уулу (84 кг);
- Айдар Ботбаев, Баястан Идирисов (90 кг);
- Ноорузбек Мирланбеков, Асанкелди Нускасым уулу (96 кг);
- Ороз Алмазбеков, Бактияр Мирлан уулу (+96 кг).
Кыз-келиндер арасында:
- Бегай Бешенаалы кызы, Бегайым Акбалаева (60 кг);
- Аземи Камчыбекова, Айдана Кубанычбекова (65 кг);
- Назира Арзыбекова, Айкөл Зияпова (+65 кг).
Курама команда мелдешке башкы машыктыруучу Нурбек Кожобеков жана улук машыктыруучу Азизбек Айтмурза уулунун жететчилиги алдында катышат.