Атайын багыттагы полкто окуучулар үчүн ачык эшик күнү өттү

23.02.2023 | 09:00

ИИМдин Атайын багыттагы полкунда окуучулар үчүн ачык эшик күнү уюштурулду. Бул  тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтен белгилешкендей, ачык эшик күнү 22-февралда президенттин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыгынын талаптарын аткаруу жана 23-февраль – Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата уюштурулган.

“Ачык эшиктин жүрүшүндѳ мектеп окуучулары үчүн курал-жарактардын, атайын техникалардын көргөзмөсүн уюштуруп, кызматкерлердин күнүмдүк аткарган кызматы жана күжүрмөн даярдык машыгуудагы кѳнүгүүлѳр кѳргѳзүлдү. Жогорудагыдай иш-чаралар келечек муундарды патриоттулукка тарбиялоого үндөйт”, – деп айтылат маалыматта.

[image_carousel source=”media: 178739,178738,178737,178736,178735,178734″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top