Былтыр кыргызстандык спортчулар 482 медаль уткан. Канчасы алтын?

Былтыр кыргызстандык спортчулар 482 медаль уткан. Канчасы алтын?

Былтыр жыл ичинде кыргызстандык спортчулар өлкө капчыгына жалпы 482 медаль алып келди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, спортчулар олимпиадалык спорт түрлөрүнөн 57 алтын, 68 күмүш, 113 коло жеңишкен. Ал эми, олимпиадалык эмес спорт түрлөрүнөн 42 алтын, 51 күмүш, 66 коло утушкан. Улуттук спорттун түрлөрүнөн 27 алтын, 26 күмүш, 32 коло медалга ээ болушкан. Жыйынтыгында былтыр Кыргызстан өз капчыгына 126 алтын, 145 күмүш, 211 коло байге сала алган.

Ошондой эле, Кыргызстанда бир катар эл аралык мелдештер өткөн. Алардын катарында хоккей боюнча (4-дивизион) дүйнө чемпионаты, ШКУнун эл аралык марафону, Алыш белбоо күрөшү боюнча Азия чемпионаты, Күрөштүн түрлөрү боюнча U17 жана U23 жаштар арасындагы Азия чемпионаты, Регби боюнча (4-дивизион) Азия чемпионаты, Каратэ-до WSF боюнча Азия чемпионаты, «Динамикалык пирамида» дисциплинасында бильярд боюнча дүйнө чемпионаты, «Чектөөсүз спорт» парамарафондору жана башкалар бар.

Былтыр күрөш боюнча кыз келиндер курамасы үчүн спорт-комплекси курулуп, ишке берилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>