Атамбаевдин №47 абакта тартылган сүрөтү тарады

Атамбаевдин №47 абакта тартылган сүрөтү тарады

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин №47 абакта тартылган сүрөтү тарады. Сүрөттө мурдагы президент үч киши менен сүйлөшүп турганын көрүүгө болот.

Сүрөттүн качан тартылганын жана коомчулукка жарыяланып кетиши боюнча Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына байланышканыбызда, алар азырынча маалыматы жок экендигин айтышты.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев ЖАМКтын №1 тергөө абагынан №47 абакка 27-октябрь күнү которулган.

Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу быйыл 11 жылга эркинен ажыратылган. Ошондой эле ал Кой-Таш окуялары боюнча соттолууда.

Быйыл 6-октябрга караган түнкү башаламандыкта ал тарапкерлери тарабынан абактан бошотулуп, 10-октябрда кайра кармалган.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>