БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Автоунаалардын кузовун ташып келүүгө убактылуу тыюу салынышы мүмкүн
07.03.2025 | 13:01
Экономика министрлиги Кыргызстанга автоунаалардын кузовун ташып келүүгө 6 айга тыюу салууну сунуштады. Токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Маалыматта айтылгандай, министрлер кабинетинин токтом долбоорунун максаты – жол кыймылынын жана транспорттун коопсуздугун, чет мамлекеттердин каттоо белгилери бар автотранспорт каражаттарын сатып алуу процессинин ачыктыгын камсыз кылуу.
Токтом долбоорго ылайык, тыюу салуу “ДТ Техник”, “ТНК “Шумкар”, “Жису”, “Шунфа”, “Мурат авто” , “Кыргыз Унаа Курулуш”, “Меридиан Голд” компаниялары тарабынан ташылып келинген, Кыргызстандын аймагында автотранспорт каражаттарын өндүрүү жана чогултуу үчүн арналган кузовдорго колдонулбайт.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат