Аялдарга кирүүгө болбойт делген чайхана  Ош облусунда жок болуп чыкты

Аялдарга кирүүгө болбойт делген чайхана  Ош облусунда жок болуп чыкты

Аялдарга кирүүгө тыюу салынган делген чайхана  Ош облусунун аймагында жок болуп чыкты. Бул тууралуу облустук администрациянын басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбекова билдирген.

«Социалдык тармакка сүрөт жарыяланып, талкуу башталганда эле биз Ош облустук ички иштер башкармалыгына тапшырма берип, аялдарды киргизбеген чайхананы аныктоону тапшырганбыз. Иликтөөнүн жыйынтыгы менен облус аймагында андай чайхана жок болуп чыкты», — деген ал.

20-декабрь күнү айрым социалдык тармактарда аялдар киргенге тыюу салынган белгиси бар тактайчанын сүрөтү тарап, ал Оштогу  чайханалардын биринен тартылганы кабарланган.

Коомчулуктун талкуусунан кийин Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы жана шаардык милициянын өкүлү мындай чайхана шаар аймагында аныкталбаганын маалымдаган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>