Банктардагы жаңы депозиттердин көлөмү сегиз айда 29%га өстүБишкекте турак үйлөрдөн жасалма алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү жайлары аныкталдыКР коргоо министринин мурдагы орун басары Бишкектин кырсыктарга даяр эместигин эскерттиҮй-бүлөлүк зомбулуктун 68%га өсүшү: Кыргызстанда жаңы чаралар сунушталуудаӨзбекстан Самарканд тууралуу жарыяланган посттор үчүн Ирандын элчисине нааразылык нотасын тапшырдыКатуу үн чыгарган унааларды пайдаланууга тыюу салуу сунушталууда
Мыктыбек Оролбай уулу UFC’деги экинчи жеңишине ээ болду
05.05.2024 | 12:14
Кыргызстандык Мыктыбек Оролбай уулу (13-1) UFC уюмундагы экинчи беттешинде атаандашын жеңип алды.
5-майда Рио-де-Жанейродо (Бразилия) өткөн UFC 301 турниринде ал жергиликтүү мушкер Элвес Бренер (16-4) менен беттешти. Беттеш 70 килограммга чейинки салмак категориясында өттү.
Ар бири 5 мүнөттөн болгон үч раунддун жыйынтыгында калыстар бир добуштан жеңишти Оролбай уулуна беришти – 3:0.
Кыргызстандык мушкер UFC боюнча дебюттук беттешин 2023-жылдын ноябрында өткөрүп, сербиялык Урош Медичти жеңип, кыска мөөнөттүн ичинде анын ордуна келген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт