Аялды өз өмүрүнө кол салууга мажбурлаган шектүү кармалды

Аялды өз өмүрүнө кол салууга мажбурлаган шектүү кармалды

Аял кишини өлтүрөм деп коркутуп өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирген шектүү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, март айынын ортосунда ички иштер органдарына арыз келип түшүп, анда мурда бир нече жолу соттолгон адам аялды өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирген факты боюнча тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранышкан.

“Арызында чала тааныш адам аялдын ишенимине кирип,  анын баасы 5000 АКШ доллары турган “Тайота” үлгүсүндөгү автоунаасын сатууга көндүрүп, акча каражатын карызга алган. Rарызга алган  акча каражатын кайтарып берүүнүн ордуна аны ар дайым аңдып, өлтүрөм деп коркутуп, стресстик абалга жеткирген. Анын кесепетинен аял өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет жасаган”, — деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча 136-берене (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) менен сотко чейинки өндүрүш башталган. Натыйжада, кылмышка шектүү мурда соттолгон Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну 1983-жылы туулган М.К. экени такталып, милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.

Билдирүугө таянсак, ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда  турат. Учурда иликтөө жүрүп жатканы айтылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>