Аярлуу категориядагы 500 бала жайкы эс алууга жөнөтүлдү

Аярлуу категориядагы 500 бала жайкы эс алууга жөнөтүлдү

Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынан жана Бишкек шаарынан аярлуу категориядагы 500 бала жайкы эс алууга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Балдар 10-июндан баштап 22-июлга чейин эс алышат. Алардын жөнөтүлүшүн министр Равшанбек Сабиров өзү барып көзөмөлдөгөн.

Маалыматка ылайык, жалпысынан бул программада 6 агым каралган. Ага 1200 бала: 1000 өспүрүм жана 200 майыптуулугу бар балдар кирет. Майыптуулугу бар балдар сентябрь айында «Алтын-Балалык» борборунда реабилитациядан өтүшөт.

Программа жайкы мезгилде калктын социалдык аялуу катмарындагы балдардын ден соолугун жана бакубаттуулугун колдоого багытталган.

Министрлик, ар бир агым сөзсүз түрдө майыптуулугу бар балдарды камтый тургандыгын билдирди.

«Жайкы эс алууларды уюштурууга мамлекеттик бюджеттен 15 миллион сом бөлүндү. Мындан тышкары 2024-жылдын сентябрынан 2025-жылдын февралына чейин 600 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга Президенттин резервдик фондунан колдоо көрсөтүлгөн”, – деди министр Равшанбек Сабиров.

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: эс алуу

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>