Айдоочулар кышка даярдангыла: ЖКККББ унааларды өз убагында текшерүүгө чакырды

22.10.2025 | 15:00

Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) айдоочуларды унааларын кышкы мезгилге алдын ала даярдоого чакырды.

Ведомствонун маалыматына караганда, өзгөчө алыскы жана тоолуу аймактарга каттаган жарандар төмөнкү чараларды көрүшү керек:

  • унаанын дөңгөлөктөрүн кышкыга ылайык алмаштыруу;
  • кыймылдаткыч майларын өз мөөнөтүндө жаңылоо;
  • унаанын техникалык абалын толук текшерип, кышка даярдоо.

Бул чаралар жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого жана кырсыктардын алдын алууга багытталган.

Мындан тышкары, 2025-жылдын 15-октябрынын тартып 2026-жылдын 1-майына чейин Ош–Бишкек багыты боюнча жүргүнчүлөрдү ташыган коомдук унаалардын (автобустар, маршруттук унаалар) кыймылына чектөөлөр киргизилген.

Бул аралыкта:

  • коомдук транспорт “Сосновка” көзөмөл-өткөрмө пунктунан өткөрүлбөйт;
  • техникалык абалы талапка жооп бербеген жеке унаалар да каттоодон өткөрүлбөйт.

ЖКККББ белгилегендей, бул чаралар кыш мезгилинде жол кырсыктарынын санын азайтуу жана жүргүнчүлөр менен айдоочулардын коопсуздугун камсыздоо максатында кабыл алынган.

“Жолдо коопсуздук ар бир айдоочунун жоопкерчилигинде. Унааңызды кышка даярдоо — өзүңүздүн жана башкалардын коопсуздугун сактоо деген сөз”, — деп айтылат билдирүүдө.

Scroll to Top