Айга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келди

Айды айланып учкан «Орион» космостук кемеси жерге кайтып, 11-апрелге караган түнү парашюттук системанын жардамы менен Тынч океандын Сан-Диего (Калифорния штаты) жээгине ийгиликтүү конду.
NASAнын маалыматында, куткаруучулар экипажды тик учактар менен АКШнын Аскердик-деңиз күчтөрүнүн кемесине жеткиришти. Аларды NASAнын башчысы Жаред Айзекман тосуп алды.
Космос кемесинин бортунда NASA астронавттары Рид Уайсмен, Виктор Гловер, Кристина Кук жана Канада космостук агенттигинин астронавты Джереми Хансен болду. NASAнын билдирүүсү боюнча, төрт астронавттын тең абалы жакшы. Алар медициналык текшерүүдөн өткөндөн кийин Хьюстондогу (Техас штаты) Джонсон атындагы космостук борборго жөнөтүлөт.
«Орион» космостук кемеси АКШнын чыгыш жээгинен 1-апрелде учуп кеткен. Экипаж 6-апрелде Айды байкоо иштерин аяктап, Жерге кайтууну баштаган.
Бул миссия космосто адамдын Жерден алыстоо аралыгы боюнча жаңы рекорд койду. Астронавттар Жерден 406 миң 771 чакырым алыстыкка чейин барышты. Бул көрсөткүч 1970-жылы «Аполлон-13» миссиясы тарабынан коюлган рекорддон ашты.
Айды айланып өтүү жети саатка созулган. Бул убакыттын ичинде астронавттар илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, Айдын бетин сүрөткө тартышты. Ошондой эле алар Айдын арткы тарабын изилдеп, метеориттердин кулашын жана күндүн тутулушун байкашкан.
«Артемида-2» миссиясынын жыйынтыгы 2027-жылга пландалган «Артемида-3» программасына даярдык көрүүгө негиз болот. Анын алкагында «Орион» кемесинин Айга конуучу модулдар менен өз ара аракеттенүүсү сыналышы күтүлүүдө.