Айыл өкмөттөр иштебей жатат, ротацияны токтотуу керек – ЖК төрагасы

11.09.2025 | 11:00

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу айыл өкмөттөрдү ротациялоо натыйжа бербегенин айтып, бул практиканы токтотууну сунуштады.

«Тилекке каршы, мыйзам натыйжа берген жок. Облус, шаар, район башчылары жана укук коргоо органдарынын жетекчилерин ротациялоо өзүн актады. Бирок айыл өкмөттөрүнө келгенде бул иштебей калды. Ар бир райондо 2–3төн айыл өкмөт бош турат, башка жактан баргандар 2–3 айдан кийин кетип калышат. Ошондуктан мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарыл. Биз колдоп берели, эл күтүп жатат», — деди төрага.

Ал ошондой эле маданият, билим берүү жана райондук электр тармактарынын жетекчилерин ротациялоону токтотуу зарылдыгын белгиледи.

Анын айтымында, айлык маянасы орточо 35 миң сомду түзгөн жетекчилердин 20 миң сомун ижара акысына сарптап, башка аймакта иштөөсү натыйжасыз болууда.

Scroll to Top