Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Жыл аягына чейин өлкөдөгү бардык жол көзөмөлдөөчү видеокамералар ишке кирет
11.09.2025 | 11:10

Кыргызстанда жыл аягына чейин жол эрежесин бузуу фактыларын каттоочу бардык видеокамералар иштей баштайт.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, долбоордун биринчи этабында 90 стационардык жана 20 мобилдик аппараттык-программалык тутум орнотулган. Алардын жардамы менен жол кыймылынын эрежелерин бузуу учурлары фото жана видеого катталат.
Видеокамералар төмөнкү аймактарга орнотулду:
- Бишкек — Ош жолу,
- Бишкек — Чалдовар жолу,
- Бишкек — Нарын — Торугарт жолу,
- Бишкек — «Манас» эл аралык аэропортуна алып баруучу жол,
- Бишкек — «Ак-Жол» чек ара көзөмөл-өткөрмө пункту.
Мындан тышкары, Бишкек — Нарын — Торугарт жолуна кошумча 16 “Ураган” комплекси орнотулду. Учурда жабдыктар Ысык-Көл облусунда да орнотулуп жатат.